Бишкектин борборундагы Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жашагандар эки жумадан бери транспорт кыймылынын татаалдыгынан жапа чегип келишет. Маселе бир эле көчөдө эки багытта тең жол жабылганында: бир жагында BSK курулуш компаниясы коммуникацияларды тартып жатса, экинчи жагында Иманалиев көчөсүндөгү айланма жол ремонтко жабылган.
Тургундардын айтымында, курулуш компаниясында коммуникация тартууга уруксаты бар. Бирок алардын нааразычылыгы — альтернативалуу жол ремонтко жабылып турганда, ушундай уруксат берген мекемелерге багытталган.
«Бүгүн артымдан келе жаткан тез жардам унаасын өткөрө албай кыйналдым, анткени жолдун четинде орун жок болчу. Жол бир гана тилкеден турат. Жол кыймылын жөнгө салуучу кызматкерлер жок болгондуктан, унаалар ажыраша албай турушат», — деп билдирди тургундардын бири.
Ал ошондой эле жекшемби күнү, 1-ноябрда, жол такыр эле жабылып, тургундар үйлөрүнө тар көчөлөр аркылуу жетишкенин кошумчалады.
Биз мындай шартта бир жумадан бери жашап жатабыз. Ар кайсы мекемелерге кайрылганыбыз менен, эч кандай натыйжа болгон жок.
Учурда тургундар маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мекемелерге кайрылышарын, бирок азырынча эч кандай жооп ала электигин айтышууда.



















