Баткен шаарындагы Чет-Булак аймагында жаңы балдар ооруканасынын пайдубалы салтанаттуу түрдө салынды. Бул оорукананын сыйымдуулугу 75 орунга эсептелген.

Иш-чарага Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов, КР Социалдык өнүктүрүү жана инвестициялар агенттигинин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, аймактык жетекчилер, медициналык кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Жаңы оорукананын заманбап талаптарга жооп берүүчү жабдуулары жана балдарга арналган эң зарыл шарттары болот.

Мамыржан Рахимов билдиргендей, бул курулуш регион үчүн өтө маанилүү. Ошондой эле 2027-жылы өлкө башчы С.Жапаровдун колдоосу менен 350 орундуу облустук оорукана куруу планы бар.

Аймакта буга чейин бир катар социалдык объекттер пайдаланууга берилсе, башка курулуштар уланууда. Ошондой эле бир топ айылдар таза ичүүчү суу менен камсыздалып жатат.