Баткен шаарынын базарында соңку 15 күн ичинде уй этинин килограмм баасы 750 сомго жетти. Мурда бул баа 700 сом болчу.
Кой этинин баасы азыр 800 сомду түзүп, мурдагы 750-780 сомго караганда кыйла жогорулады.
Сатуу менен алектенгендер баанын өсүшүн малдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө жана күйүүчү майдын баасынын кымбатташына байланыштырышууда.
Алардын айтымында, малдын азыгын даярдоо жана чогултуу мезгилинде техникалар дизель күйүүчү май менен иштейт. Бул майдын баасының көтөрүлүшү азык заттардын баасын жогорулатып, анын натыйжасында эттин баасы да өсүүдө.
Баткенде күйүүчү майдын баасы







