Баткен облусунун аймагында малдын баасындагы карама-каршылыктар байкалууда. Turmush корреспонденти тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг малдын түрүнө жараша баалардын ар кандай багытта өзгөргөнүн көрсөттү.
Ири мүйүздүү малдын баасы төмөндөдү
Сүт багытындагы уйлардын баасы эттин сапатына жана көлөмүнө жараша мурункудан 15–20 миң сомго арзандаган. Ошондой эле, эт багытындагы өкөздөрдүн баасы да 10–15 миң сомго түшкөн.
Баалардын өзгөрүшүнүн себептери
Жергиликтүү тургундардын айтымында, малдын арзандашынын негизги себеби — айыл чарбасына болгон суроо-талаптын төмөндөшү. Өткөн жылдары дыйканчылыктын кирешелүүлүгү азайган, анткени жер семирткичтердин баасы көтөрүлүп, өнүмдүн баасы төмөн бойдон калууда.
Мындан тышкары, тоют жана чөптүн кымбатташы ири мүйүздүү малды багууну кыйындаткан. Ал эми күз-кыш мезгилинде той-аштардын көп болушунан кой менен эчкилерге болгон суроо-талап жогору болуп, алардын баасы көтөрүлүүдө.
















