Кыргызстандын Коргоо министрлигинде жетекчи курамдын катышуусунда коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулоо максатында оперативдик жыйын болуп өттү. Мыйзамдуулукту камсыздоо жана кызматтык укук бузуулардын алдын алуу боюнча атайын инструктаж өткөрүлдү.

18-ноябрда Коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаевдин жетекчилиги астында өткөн жыйында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Р. Бейшалиев жана Р. Тагаев катышты. Алар кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, мыйзам талаптарын так сактоо жана кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги боюнча маанилүү маалыматтарды жеткиришти.

Жыйындын жүрүшүндө коррупциялык укук бузууларды алдын алуу жана мындай фактыларга жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.