Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Көл облусун туташтырган Балыкчы — Боконбаев — Каракол трассасында селдин күчү жолдун бир бөлүгүн бузду.
Күчтүү жамгыр жааган соң, суу арыктардан чыгып, 207-208 километрлердин ортосундагы жолдун болжол менен 10 метрлик участогун талап-жеп кетти.
Бул участок Конкино айылынын аймагында жайгашкан. Учурда жолдо кыймыл оор келтирилген шарттарда бир тараптуу, кезек менен жүргүзүлүүдө.
Жолдун бул бөлүгүндө сел коркунучу дагы деле бар экени эскертилүүдө, айдоочуларга этияттык керек.



