Кыргызстандын Кабинет министрлери мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн сатып алуу эрежелерин өзгөрттү.

Эми бааны туруктуу кармоо максатында керек боло турган азыктарды жеңилдетилген, жөнөкөйлөштүрүлгөн схема боюнча сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан тышкары, мамлекеттин ири үлүшү бар бизнес субъектилери да бул жеңилдетилген схемадан пайдалана алышат.