Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угууларда билдирди.
Суроону бухгалтердик эсеп боюнча адис Гульсаараа Атанова көтөрдү. Анын айтымында, 2026-жылдын 1-январынан тартып Салык кодексиндеги өзгөртүүлөр ири соода компаниялары жана дистрибьюторлор үчүн кыйынчылыктарды жаратты, алар ички рынокто да, тышкы рынокто да иштешет.
Атанова учурдагы чектөөлөрдөн улам айрым компаниялар ири келишимдеринен ажырап калуу коркунучу бар экенин белгиледи.
МСК төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков ведомство ар кандай салык режимдерин колдонуу жана бөлөк-бөлөк эсеп жүргүзүү менен мындай айкалыштырууга уруксат берүү сунушун колдоого даяр экенин билдирди.











