Кыргызстандын 17 жаштагы футбол боюнча жигердүү курама командасы Азия Кубогунун тандоо раундундагы экинчи жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.
Йемендин курама командасы менен болгон беттешүү эч бир голсуз, 0:0 эсеби менен аяктады.
Эскерте кетсек, үй ээси катары өтүп жаткан тандоо оюндарынын алгачкы матчында биздин футболчулар Түндүк Мариан аралдарынын курама командасын жеңип келишкен.
Алдыдагы оюндарда кыргызстандыктар 20-ноябрда Монголиянын командасы менен беттешет. Азия Кубогунун финалдык раундуна топтун биринчи орунду ээлеген курама команда жол алат.









