Казахстан жана Иран өлкөлөрү ортосунда 10-июлда түзүлгөн келишимге ылайык, казакстан тарап Шахид-Раджаи портунда логистикалык терминал куруп, аны 27 жыл башкаруу укугуна ээ болот: 2 жыл курулуш, 25 жыл иштетүү.
Бул BOT (Build-Operate-Transfer) долбоору аркылуу терминал үчүн жер тилкеси берилди. Коммерциялык ишке киргизүү долбоордун үчүнчү жылында пландалган.
Казахстан тараптан келишимге QazTrade борборуна караштуу QazExportPromotion фондунун башкы директору Аман Малгаждаров кол койду, ал эми иран тараптан Хормозгон провинциясынын порттор жана деңиз каттамдары уюмунун жетекчиси Хоссейн Аббас Нежад.
Министрликтин маалыматына караганда, жаңы логистикалык терминал «Түндүк – Түштүк» транзиттик коридорунун потенциалын бекемдеп, Казакстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн Перс булуңу, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия менен Чыгыш Африка базарларында кеңейтет.










