Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргызреставрация» илимий-изилдөө долбоорлоо институту Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулуш аймагында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча экинчи ирет тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, подрядчы табылган объекттерди документтештирип, аларды консервациялоону жана музейге өткөрүүнү камсыздап, археологиялык казууларды жүргүзүшү керек.

Сатып алуунун пландалган суммасы 6 миллион 182,1 миң сомду түзөт. Сатып алуу ыкмасы — чектөөсүз.

Өтүнмөлөр 24-августка чейин кабыл алынат.

Асман шаары жөнүндө

Асман — Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Тору-Айгыр менен Чырпыктынын ортосунда, Балыкчыга жакын жайгашкан жаңы шаар долбоору.

Асман шаарынын долбоору

≈4 миңгектар аянт
500–700 миңтуруктуу жашоочу
≈20 млрд