Американын Чикаго шаарында 29-ноябрдан тарта «Айтматов» аттуу жаңы биографиялык драма тасмасы экранга чыгат. Тасманын түзүүчүлөр тобу социалдык тармактар аркылуу бул маалыматты бөлүшүштү. Кинонун алгачкы көрүүчүлөрү катары АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана шаар коногу болушат.

Сюжеттин борборунда Чыңгыз Торекуловичтин адабий дүйнөгө кадам таштаган жолу жана анын дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу болуп калыптанышына таасир эткен доордун тарыхый окуялары көрсөтүлөт. Авторлор классиктин гана образын эмес, анын белгилүү чыгармаларын жазуу учурундагы терең жеке драмасын көрсөтүүгө умтулушкан.

  • 29-ноябрь — Тасманын премьерасы Чикаго шаарында болот

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы дүйнөдөн өткөн. Анын эмгектери дүйнөнүн 170ден ашык тилине которулуп, эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына татыктуу болгон.