Нарын облусунун Ак-Тал районунда Тайлак баатырдын 230 жылдыгына арналган сүрөт тартуу конкурсу өткөрүлүп жатканы тууралуу маалыматты «Turmush» корреспонденти билдирген.
Маалыматка караганда, бүгүн, октябрь айынын 16-сы күнү, кыргыз элинин эркиндиги, биримдиги жана ата мекендин бүтүндүгү үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 230 жылдыгы белгиленип жатат. Ушул себептен улам, баатырдын эрдиктерин чагылдырган картиналарды тартууга жаш сүрөтчүлөр арасында конкурс жарыяланган.
Конкурстун катышуучуларынын саны 40 жаш сүрөтчү болуп эсептелет.























