Бишкектин Ак-Өргө конушунда жеке үйлөрдүн жер участокторуну сатып алып, алардын ордуна унаа токтотуучу жайсыз клубдук үйлөрдү куруу фактысы аныкталды. Бул маселе Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

СторисАк-Өргөдөгү курулуштар жана жаңы ченемдерСлайддар: 5
  1. Ак-Өргөдөгү курулуштар жана жаңы ченемдер
  2. Көйгөй эмнеде?. Ак-Өргө конушунда 5 сотка жерге 16дан 20го чейин батир камтыган клубдук үйлөр курулуп жатат.
  3. Курулуштун мүнөздөмөсү: Унаа токтотуучу жайлар жок; Фундаменттер алсыз; Унаалар көчөгө токтоп жатат
  4. 0,4 батирге карата — унаа токтотуучу жайдын жаңы ченемдери
  5. 0,7 батирге карата — унаа токтотуучу жайдын мурунку ченемдери

Депутат Эдита Тайгараеванын айтымында, Ак-Өргө жана Ак-Ордо конуштарынын тургундары бул боюнча арыз менен кайрылышкан. Ал курулган үйлөрдүн фундаменттери өтө алсыз экенин жана унаа токтотуучу жайлардын жоктугу чоң көйгөй жаратып жатканын белгиледи.

Ал жерде беш сотка жерге 16–20 батирден турган клубдук үйлөр курулуп жатат. Эгер карасаңыз, фундаменттери да абдан алсыз. Парковка жоктугу чоң көйгөй жаратат, анткени бардык унаалар көчөгө токтоп жатат, бул балдар үчүн кооптуу. Мындай үйлөр Чамгарак, Кербез, Ахунбаева, Кырк-Кыз көчөлөрүндө курулууда.
Эдита Тайгараева, депутат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин орун басары Бакай Турдугулов бул маселе боюнча жооп берди. Анын айтымында, Ак-Өргө боюнча генералдык планга ылайык, ал жерде жекече турак жай курууга гана уруксат берилген.

Министрликтин өкүлү эгер документтерде жеке үй катары көрсөтүлүп, бирок көп батирлүү үй катары сатылып жатса, бул мыйзамсыз экенин баса белгиледи. Ошондой эле, унаа токтотуучу жайлардын ченемдери өзгөртүлгөнүн билдирди.

Унаа токтотуучу жайлардын жаңы ченемдери

0,4батирге карата унаа орду (мурунку)
0,7батирге карата унаа орду (жаңы)