Айдаркен шаарынын климаты өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып, бул жерде кыш мезгили ар дайым эрте келет, ал эми жаз кечигип келет. Turmush маалыматы боюнча, 11-ноябрдан тарта шаарда суулуу кар жаап, ал тез эрип жатат.

Айдаркендин тоолуу шартында кар катмары март же апрель айларына чейин сакталышы мүмкүн. Ошондуктан жергиликтүү тургундар климатты эске алуу менен өсүмдүктөрдү эгишет. Алар негизинен картошка жана алма өстүрүү менен алектенүүдө.