40тан ашык өлкө орток билдирүү жарыялап, мамлекеттерди интерконтиненталдык баллистикалык ракеталарды жана кеме астынан учурула турган баллистикалык ракеталарды учуруудан алдын-ала кабарлоого чакырды.

Бул билдирүү АКШнын Женевадагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн расмий сайтында жарыяланып, ракеталарды кеминде 24 саат мурун кабарлоо маанилүү экенин белгиледи.

Жарыяланган документке ылайык, кабарлоолордо ракета классы же ташуучу ракетанын түрү, учурула турган аймак жана багыты жөнүндө маалымат камтылышы керек.

Мындай ыкма мамлекеттердин коргонуу чөйрөсүнө чектөө койбойт, тескерисинче, жаңылыш түшүнүктү азайтып, коопсуздук жана ишенимди бекемдөөнү камсыздайт.

Кабардоолор эл аралык стандарттарга ылайык кемелер менен учактар үчүн да берилүүсү зарыл.

Жакында түндүк Корея жана Индия сыяктуу өлкөлөр баллистикалык ракеталарды сыноо иштерин жүргүзүшкөнү маалым.