Украина менен Германия, Дания, Франция, Италия, Нидерланды, Норвегия, Испания, Швеция жана Улуу Британия өлкөлөрү Парижде жолугуп, ракета коргонуу боюнча биргелешкен коалицияны түзүүгө макулдашты.

Коалициянын максаты Европа континентинин ракета коргонуу системасын өркүндөтүү мүдөөсүндө интеграцияланган архитектураны түзүү. Бул система баллистикалык ракеталардын коркунучун алдын алуу жана аларды артка кайтарууга багытталган.