2027-жылы дүйнөлүк киберспорт чемпионаты Казакстандын борбору Астанада өтөт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев 29-июлда «Игр будущего-2026» программасынын ачылышында жарыялады.
Ал ошондой эле Астанада ушул жылы жасалма интеллект университетинин ачылышы жана нейрондук тармактардын жардамы менен жаралган эл аралык кинофестиваль өткөрүлүшүн белгиледи.
Киберспорт боюнча дүйнөлүк чемпионаттар 2024-жылдан тартып өтүүдө. 2026-жылы Париж шаарында эл аралык мелдеш уюштурулуп жатат.
Дүйнөлүк чемпионатта жалпы 24 дисциплина боюнча 25 комплект медаль ойнотулуп, $75 миллион сыйлык фонд бөлүнөт.


