Футбол боюнча 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын жарым финалисттери такталды. Башкы трофей үчүн франциялык, испаниялык, англиялык жана аргентиналык курама командалар бишкектин күйөрмандарынын колдоосу алдында күч сынашат.
Жарым финалдык беттештер 14 жана 15-июль күндөрү өтөт. Биринчи оюн Испания менен Франциянын ортосунда болуп, экинчи беттеш Англия менен Аргентинаны байланыштырат.
Чейрек финалдык баскычта Англия Норвегияны 2:1 эсебинде жеңип, жеңиштин чечүүчү голун 93-мүнөттө киргизсе, Аргентина Швейцария менен оюндун негизги убактысы 1:1 аяктаган соң, кошумча мүнөттөрдө 112- жана 121-мүнөттөрдө гол салган.
Жарым финалдык беттештер Кыргызстандын убактысы менен саат 01:00дө башталат. Испания-Франция оюну 15-июлда, Англия-Аргентина беттеши 16-июлда өтөт.











