Материалдар: 1
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Караколдогу «Хан-Тенири» турак жай комплексиндеги экинчи этаптын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Алты блоктогу 530 батирди жана өзүнчө казанакты ноябрда пайдаланууга берүү пландалууда. Жалпы долбоордо 3430 батир, мектеп жана эки бала бакча каралган.