Материалдар: 1
Баткен облусунда 74 жаштагы Саламат Чоңатаева 50 жылдан ашык убакыттан бери балдарга химия жана биология сабактарын берип келет. Ал жүздөгөн окуучуларынын дарыгер жана илимпоз болуп калышына салым кошкон. Учурда облустук ооруканадагы дарыгерлердин жарымынан көбү — анын шакирттери. Мугалимдин айтымында, айылда чоңойгондуктан мугалимдиктен башка кесипти билчү эмес, ошондуктан балдарды окутууну бала кезинен эле кыялданган.