Материалдар: 1
Кыргызстан бажы жана соода процедураларын тездетүү үчүн санариптик чечимдерди киргизүүдө. Экономика жана коммерция министрлигинин соода процедураларын жөнөкөйлөтүү бөлүмүнүн башчысы Заир Конурбаев Бишкекте өткөн СПЕКА-2026 экономикалык форумунда e-Permit эл аралык унаа ташууларга электрондук уруксаттар системасын Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Грузия жана Кытайдын маалыматтык системалары менен интеграциялоо аяктаганын билдирди.