Материалдар: 1
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында Т. Назаров атындагы жаңы мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Аянты 1630 чарчы метр болгон бул объект 150 окуучуга ылайыкталган жана анын ичине спорт аянтчалары да кирет. Долбоордун жалпы наркы 124 миллион сомду түзөт.