Материалдар: 1
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын колдонуучулары «Яндекс Такси» кызматынын иштебей жатканы тууралуу маалымат беришти. Аталган көйгөйлөр Россиядагы «Яндекс» дата-меркезинин бир нече модулдарынын БПЛА кол салышынан улам иштебей калышы менен байланыштуу деп айтылууда. Ушул себептен компаниянын кээ бир кызматтары иштеп жаткандыгы боюнча үзгүлтүктөр жаралган.