Материалдар: 3
Бишкекте унаанын люгунан пистолетке окшош буюм чыгып, социалдык тармактарга тараган видеодон кийин айдоочу менен жүргүнчү кармалды. Алар Октябрь району ички иштер бөлүмүнө жеткирилди, унаа милдеттүү түрдө айып токтотуу жайына киргизилди. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн протокол түзүлдү.
Бишкекте Айтиева көчөсүндө 9 жаштагы Ибрахим А. арыктын жанына ойноого чыкканда ток урунуп, реанимацияга түшкөн. Окуя Октябр райондук сотунун алдындагы аймакта болгон. Мэриянын билдирүүсүндө электр линиалары коммуналдык кызматтардын жоопкерчилигине кирбейт.
Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана экстремизмге каршы кызмат менен мыйзамсыз миграцияга каршы кызмат Бишкекте чет өлкөлүк жарандар менен профилактикалык жолугушууларды өткөрүштү. Аларга Кыргызстандын мыйзамдары, коомдук тартипти сактоо эрежелери жана миграциялык мыйзамдардын талаптары түшүндүрүлдү. Милиция мыйзам бузгандарга каршы чаралар көрүлөрүн, анын ичинде өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн экенин эскертти.