Материалдар: 3
Бишкек шаарында Филармониянын аймагында жайгашкан курулуш материалдары дүкөнүндө өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, кырсык орун алган жерге эки өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн.
17-июлда Бишкектин ар кайсы аймактарында келип чыккан электр энергиясы өчүруу көйгөйү толук чечилип, Бишкек электр тармактары ишканасы бардык шаар боюнча ток берүүнү калыбына келтиргенин билдирди.
Бишкек шаарынын бир катар райондорунда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы боюнча көптөгөн билдирүүлөр түшүүдө. Өзгөчө электр чыңалуусунун төмөндөшү жана жарыктын көп жолу жаркылдашы байкалды. Электр тармактары өчүрүүлөрдүн себебин иликтеп жатат, алигиче расмий маалымат берилген жок, бирок операторлор пландалган иштер болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.