Материалдар: 1
Ат-Башы районундагы Маданият үйүнүн алдыңкы фасады капиталдык оңдоодон өтүп, жаңыланган көрүнүшкө ээ болгону менен, имараттын арткы бөлүгү кароосуз калып, көгөрүп, бузулган абалда турат. Буга чатырдагы суу агызуучу түтүктөрдүн топурак менен бүтөлүп калышы себеп болгон. Ошондой эле, курулуш иштери толук аяктаганына карабастан, жылытуу системасын каржылоо маселеси дагы деле чечиле элек.