Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемаль Мемишоглу менен Стамбулда өткөн жолугушууда эки өлкөнүн медициналык кызматташтыгын кеңейтүү, жогорку технологиялуу медицинаны өнүктүрүү жана дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулады. Жолугушуу 29–31-октябрда өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду.