Материалдар: 1
Кыргызская фондовая биржа (КФБ) келечекте коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу инвестициялык алтын сатып алууну ишке киргизүүнү пландоодо. КФБнын алтын секторунун жетекчиси Алмазбек Каракожаев бул тууралуу 16-июлда өткөн тегерек стол жыйында маалымдады. Интеграция банктардын системаларынын жана Элкарттын программалык интерфейстеринин (API) аркылуу жүргүзүлмөкчү.