Материалдар: 2
Бишкек шаарында, Ош базарынын аймагында, Бейшеналиев көчөсүндө жайгашкан тогуз тамактануучу жай санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн жабылды. Бул тууралуу борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.
2026-жылдын алты айында Бишкектеги коомдук тамактануу жайлары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун гигиена тамак-аш бөлүмү тарабынан 495 протокол теркелип, жалпы жонунан 7 миллион 458 миң сомго айып салынды. 35 объекттин иши мыйзам боюнча токтотулду.