Материалдар: 1
2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда социалдык төлөмдөр кезектеги жолу жогорулайт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, минималдуу пенсиянын өлчөмү 8800 сомго чейин көтөрүлөт. Бул жогорулоо пенсиялардын жалпы индексациясынын алкагында ишке ашат жана өлкөнүн жарандарынын материалдык абалын жакшыртууга багытталган.