Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (КМ) Кыргызстан менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы (ЭОА) ортосундагы Сугаруу боюнча Улуттук Инвестициялык Программанын экинчи фазасына карата келишимдин проектин бекитти. Бул долбоордо ЭОАнын насыясы жана Азия Инфраструктуралык Инвестициялар Банкынын (АИИБ) кошумча каражаты каралган. Негизги максат — Кыргызстандагы сугаруу инфраструктурасын заманбаштыруу жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.