Материалдар: 2
Бишкекте Чүй проспекти менен Шопокова көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаанын айдоочусу муниципалдык №2 автобусунун айдоочусуна кол салды. Кырдаал соцтармактарда көрөрмандар тарабынан тасмага түшүрүлүп, окуяга тиешелүү органдар кайрылган.
13-июлда саат 11:15 чамасында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде автобустун жана жеңил унаанын айдоочуларынын ортосунда чатак орун алды. Окуянын расмий иликтөөсү аркылуу жеңил унаанын 30 жаштагы айдоочусунун кимдиги такталып, ага «кичинекей хулигандык» беренеси боюнча протокол түзүлдү. Ал соттун чечимине чейин убактылуу кармоочу жайга камалды.