Материалдар: 4
28-августта Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган Road to UFC 5-сезонунун жарым финалына катышуучу кыргызстандык Фарида Абдуева дүйнөлүк мелдештин картасы жарыяланды. 52 кг чейин салмак категориясында күрөшчү Фарида Азиатско-Тынч океан аймагынын мыкты спортчулары менен күрөшүп, финалга чыгуу үчүн Кореялык Пак Бохён менен беттешет.
Кытайдын чыгыш аймактарында, анын ичинде Шанхай менен Вэньчжоу шаарларында, "Долфин" деп аталган кубаттуу тропикалык циклондун айынан бир миллионго жакын адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.
Шанхайдагы мамлекеттик сапары учурунда Президент Касым-Жомарт Токаев Кытай менен кызматташтыктын чийки заттарды экспорттоодон өндүрүштүк жана санарип чынжырларын өнүктүрүүгө өтүп жатканын билдирди. Жолугушууларда жана инвестициялык келишимдерде 15 миллиард доллардан ашуун суммада макулдашууларга кол коюлду. Бул жаңы этапта жасалма интеллект, аккумуляторлор жана электромобилдер сыяктуу тармактарга басым жасалып жатат.
2026-жылдын 10-июлунан 21-июлунда Кытайдын Шанхай шаарында өткөн 67- Эл аралык математикалык олимпиадага Кыргызстандык окуучулардын командасы катышып, беш медаль жеңип алды. Бул олимпиада дүйнөнүн 117 мамлекетинен 666 окуучуну бириктирген ири сынак болуп саналат.