Материалдар: 1
Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөгүнүн дубалы өзүнөн-өзү ураган эмес. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, аны Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Кырсык 29-октябрда саат 03:07 чамасында болгон, эч ким жабыркаган эмес.