АйылЭскерүүлөр: 3

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Айрыбаз айылынын маданият үйүндө белгилүү акыындын эстелигине арналган музейдик бөлмө ачылды. Бул мекеме эми элдик акыын Эгемберди Эрматовдун ысымы менен аталат.

Жогорку Кенештин тиешелүү комитети Баткен облусундагы билим берүү мекемелеринин абалын текшерди. Депутаттардын айтымында, айрым лицейлерде окуучулар буржуйка менен жылынып, имараттарды оңдоо жана жаңы мектептер куруу зарыл

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү алдында Баткен облусунда социалдык чөйрөнү, туризмди жана өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган 15 жаңы объекттин ачылышы күтүлүүдө. Бул долбоорлор аймактын тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.



