Материалдар: 1
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын президенттин тапшырмасы боюнча «Ата-Бейит» мемориал комплексин көрктөндүрүү жана өнүктүрүү боюнча ачык архитектуралык конкурсту жарыялады. Конкурстун негизги максаты — комплекстин тарыхый жана руханий маанисин сактап калуу, ошондой эле элдин улуттук маданиятын чагылдырган, заманбап архитектуралык мейкиндикти түзүү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо.