Материалдар: 1
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, 7-ноябрда Курманжан Датке эстелигинин жанындагы аллеяда Корей Республикасынын Элчилиги жана Бишкек мэриясы уюштурган «Кимчи» фестивалы өтөт. Иш-чара саат 11:00дөн 16:00гө чейин уланып, борбор калаанын тургундарын жана конокторун корей салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштырууга багытталат.