Материалдар: 1
Францияда 39 жаштагы эркек Париждин четиндеги Трапп жана Ла-Верьер шаарларында ок атып, бир кишинин өмүрүн алып, жетөөнү жарадар кылган. Ал мусулман же африкалык тектүү деп эсептеген адамдарды атайылап бутага алганын мойнуна алды. Бул тууралуу Euronews Франциянын терроризмге каршы прокурору Оливье Кристенге шилтеме берип билдирди.