Бардык жаңылыктар: Ozon
Материалдар: 2

Ozon компаниясынын колдонмосу Google Play дүкөнүнөн жок болуп калды
Ozon базарынын жана анын бир нече кызматтарынын колдонмолору Google Play дүкөнүнөн алынып салынды. Бул колдонмолордун катарында Ozon, Ozon Fresh, Ozon Seller, Ozon Job жана Ozon Travel бар. Азырынча удалуу себебин иштеп чыгуучулар ачыкка чыгарган жок, бирок компания Google Play эрежелерин бузган эмес экенин билдирүүдө. Apple түзмөктөрүндө колдонмолор App Store дүкөнүндө жана Huawei AppGalleryде жеткиликтүү бойдон калууда. Мурда Ozon Банкынын колдонмосу санкциялардан улам Google Playдан алынган.

Кыргызстанда Wildberries жана Ozon сатучулары үчүн салык каникулдары каралууда
Кыргызстанда Wildberries жана Ozon сыяктуу эл аралык маркетплейстерде иш жүргүзгөн тигүүчү ишканалар жана ишкерлер үчүн бирдиктүү салык убактылуу токтотулушу мүмкүн. Бул чаралар 2026-жылдын аягына чейин улантылып, эл аралык логистикалык борборлордун ишиндеги тоскоолдуктардан улам жабыркаган жергиликтүү сатуучуларды колдоого багытталууда.








