Материалдар: 2
Өзбекстандын чыгармачыл делегациясы 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган Өзбекстандын маданият күндөрүнө катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Конокторду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары тосуп алды.
27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрү өткөрүлөт. Бул иш-чарага Өзбекстандан 200гө жакын өкүлдөн турган чыгармачыл делегация келет. Маданий программа Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.