Материалдар: 2
Кыргызстанда сот адилеттиги тармагындагы бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын негизги багыттарынын бири – тараптар ортосунда талаш-тартыш болбогон учурларда каттоо маалыматтарындагы жана жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) органдарындагы каталарды административдик жол менен оңдоого мүмкүнчүлүк берүү. Ошондой эле сот аткаруучулар үчүн да процедураларды жөнөкөйлөтүү каралган.
Кыргызстан жарандары эми «Тундук» мобилдик тиркемеси аркылуу нике каттоосуна арызды түздөн-түз берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул жаңы санарип кызмат үйдөн чыкпастан каттоо процессин толук онлайн өткөрүүгө шарт түзөт.