Материалдар: 2
Бишкек шаардык соту Камчыбек Ташиевге жана "75 кат" ишине байланыштуу апелляциялык арызды кароону кийинкиге калтырды. Отурумдун жылдырылышына айыпталуучулардын адвокаттары прокуратуранын материалдары менен таанышып жетишпей калганы себеп болду. Кийинки сот отуруму 13-августка белгиленди. Буга чейин Биринчи май райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, пробациялык көзөмөл менен 4 жылга эркинен ажыраткан.
Мамлекеттик органдар ишкерлердин ишмердүүлүктөрүн текшерүүгө пландарын прокуратура менен расмий каттоосуна милдеттүү болууга тийиш деген норма жаңы закон долбоорунда каралууда. Бул сунуш ишкердикке көзөмөл жана эркиндиктин ортосундагы балансты сактоодо талкууну жаратты.