Материалдар: 1
Казакстандын күрөш боюнча курама командасынын эки мүчөсү — эркин күрөш боюнча балбан Нурсултан Садык жана кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлү Сабина Торей — допинг эрежелерин бузганы үчүн эки жылга спорттон четтетилди. Бул тууралуу Улуттук допингке каршы борбордун расмий реестрине таянып sports.kz жазып чыкты, деп билдирет Ulysmedia.kz.