Материалдар: 1
Чүй облусунда жайгашкан алтын казган "Алтынкен" ишканасынын аймагында 2015-жылдан бери турган кытай тилдеги жазуу алынып салынууда. Буга социалдык тармактарда жазуунун көрүнүшү боюнча кызуу талкуулар себеп болду. Мурда ишканада эмгектенген күчтүү кытайлык кызматкерлердин саны көп болгондуктан, жазуу кытай жана кыргыз тилдеринде жасалган. Азыркы учурда ишкана кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү — кыргызстандыктар.