Материалдар: 1
Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы аянты 14 469 чарчы метрге жеткен жаңы автобекет курулушу жүрүп жатат. Бул долбоор республикалык бюджеттин каражаты менен каржыланып, курулуш иштери 2025-жылдын январы айында башталган. Автобекет заманбап үлгүдө, эки кабаттуу имарат катары пландалып, жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлүмдөр жана экинчи кабатта мейманкана жайгаштыруу каралган.