Материалдар: 1
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Японияга расмий сапарынын алкагында Япониянын Парламентинин Сенатынын төрагасы Масакудзу Сэкигути менен жолугушуп, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулады. Төрага өз ара ишенимге негизделген бекем өнөктөштүктү белгилеп, Кыргызстандын тоо экосистемаларын коргоо маселеси боюнча Япониянын колдоосун күткөнүн айтты.