Материалдар: 1
«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы Тамчи — Ташкент — Тамчи багыты боюнча түз каттамдарды баштады. Авиакомпаниянын жана Malva Tour туроператорунун биргелешкен аракетинин натыйжасында каттам жумасына бир ирет аткарылат. Бул демилге Кыргызстандын жана Өзбекстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө жана элдердин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган.