Материалдар: 2
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы микрокредиттерди Кыргызстандын аймагында алган адамдардын 53 пайызы аялдар болду. Бул көрсөткүч бир нече жылдан бери аялдардын микрокредит алуусунда үстөмдүгүн көрсөтүп турат. Бишкек шаары микрокредит алгандардын эң көп бөлүгүн түзүп, андан кийин Ош облусу экинчи орунда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандагы микрокредиттик уюмдар тарабынан берилген насыялардын жалпы суммасы 86 млрд сомду түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 32%га өсүү болду. Негизги бөлүгү 1ден 3 жылга чейинки мөөнөткө берилген жана насыя алгандардын саны 1,685 миллионго жетти, бул өткөн жылдарга караганда 1,5 эсе көп.