Бардык жаңылыктар: Мадыген
Материалдар: 3
Үч өлкөнүн жаштары «Мадыген» геопаркына барды
Эл аралык жаштар форумунун катышуучулары Баткен районундагы «Мадыген» геопаркын көрүштү. Сапарга Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген жаштар катышты. Бул аймак түркүн түстүү ландшафттары менен белгилүү жана Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп саналат.

Кыргызстандын ЮНЕСКОнун мурастар тизмесиндеги объектилери: Мадыген геопаркы жана келечектеги арыздар
Баткен облусундагы Мадыген геопаркы геологиялык жана палеонтологиялык дүйнөлүк мурастын бир бөлүгү катары таанылууда. Кыргызстандан Жалпы ЮНЕСКОнун тизмелерине 16 элемент киргизилген жана бешбармак даярдоонун салты да келечекте каттоого сунушталат.

Кыргызстанда 230 миллиондой жыл мурун болгон байыркы өрттөрдүн издери табылды
Кыргызстандын түштүк-батышында Мадыген формасиясынан өзгөчө байыркы өрттөрдүн күбөлүгү саналган көмүрөшкөн жыгач калдыктары табылды. Бул уникалдуу табылга илимпоздорго триас доорундагы региондун өсүмдүктөрү жана экологиясы боюнча жаңы маалыматтарды берди, анткени ошол мезгилде Кыргызстан Пангея суперконтинентине кирген.